2025-жылы БУУӨП Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүн илгерилетүү, институционалдык потенциалды бекемдөө жана инклюзивдүү жашыл экономикалык трансформацияны тездетүү максатында Өкмөт, эл аралык өнөктөштөр жана жарандык коом менен стратегиялык кызматташтыгын улантты.
Өнөктөштүктүн негизги багыттары:
🔷 Мамлекеттик органдар менен кызматташуу: Өнүгүүнү пландоодо улуттук лидерликти бекемдөө үчүн Президенттик Администрация, Министрлер Кабинети, Жогорку сот, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана тармактык министрликтер менен тыгыз иш алып бардык.
🔷 Глобалдык жана эки тараптуу колдоо: Учурдагы жана жаңы өнөктөштөр менен стратегиялык байланыштарды чыңдадык.
🔷 БУУ жана Вертикалдык фонддор: Санариптик саламаттыкты сактоо жана инклюзивдүү өнүгүү боюнча ДССУ (ВОЗ), ЮНИСЕФ жана ЮНФПА менен өнөктөштүктү уланттык, ал эми Глобалдык фонд, Жашыл климат фонду, Глобалдык экологиялык фонд жана Тынчтык куруу фонду сыяктуу вертикалдык фонддор биздин ишибиздин борборунда калды.
🔷 Тоо күн тартиби жана Эл аралык каржы институттары: Президенттин Атайын өкүлү менен биргеликте Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдык Жол картасын ишке ашырууга салым коштук жана Азия өнүктүрүү банкы, ЕРӨБ, ЭВФ жана Дүйнөлүк банкты камтыган эл аралык каржы институттары менен кызматташууну кеңейттик.
Биздин регулярдуу (негизги) ресурстарыбызга салым кошуп жаткан мүчө-мамлекеттерге өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин колдооңуздар биздин ийкемдүү жана өз убагында жардам көрсөтүүбүздүн негизи болуп саналат жана Кыргызстандагы социалдык-экономикалык өнүгүүгө, климаттык аракеттерге жана санариптик трансформацияга чечүүчү мааниге ээ.
📘 Кененирээк маалыматты БУУӨПтүн Кыргызстандагы 2025-жылга карата жылдык отчетунан окуңуз: /kyrgyzstan/publications/annual-report-2025
🇰🇬🇺🇳 14-майда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Бириккен Улуттар Уюму 2023–2027-жылдарга карата БУУнун туруктуу өнүгүү жаатындагы кызматташтык боюнча Алкактык программасын ишке ашыруу боюнча Стратегиялык координациялык комитетинин 4-жыйынын өткөрдү. Жыйын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев менен БУУнун туруктуу координатору Антье Гравенин биргелешкен төрагалыгында өттү. БУУӨПтөн жыйынга Туруктуу өкүлүнүн орун басары Патрик Хаверман катышты.
Стратегиялык координациялык комитет — Өкмөт менен БУУ тутуму Кыргызстандын улуттук өнүгүү приоритеттери менен биргелешкен иштерин шайкеш аткаруучу негизги платформа. Жыйында 2026–2027-жылдарга карата биргелешкен иш пландары бекитилди, алар БУУ агенттиктеринин күч-аракетин беш өз ара байланышкан багытта бириктирет: социалдык кызматтарды жана адам капиталын бекемдөө; инклюзивдүү жашыл экономикалык өсүштү алга жылдыруу; климаттык кыйынчылыктарга жана кырсыктардын коркунучтарына каршы аракеттенүү; отчёттуу жана ачык-айкын институттарды куруу; укуктун үстөмдүгүн жана адам укуктарын сактоо. Катышуучулар ошондой эле 2028–2032-жылдарга каралган кийинки БУУнун Кызматташтык алкактык программасын иштеп чыгуу боюнча жол картасын бекитишти — бул стратегиялык документ алдыдагы жылдарда Кыргызстанга БУУнун колдоосун аныктайт.
Таштандылар сектору боюнча талкуулардан кийин, 14-майда Бишкекте өнөр жай процесстери жана продукцияны пайдалануу (ӨЖПП) секторундагы парник газдарынын (ПГ) инвентаризациясына арналган жаңы практикалык семинар башталды.
Өнөр жай активдүүлүгүнүн өсүшү бул сектордогу парник газдарынын чыгарылышын так эсепке алууну Кыргызстан үчүн өтө маанилүү кылат. Бул Париж келишиминин алкагындагы эл аралык милдеттенмелерди аткарууга гана эмес, «жашыл» экономикага өтүү үчүн негизделген чечимдерди кабыл алууга да жардам берет.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан БУУӨП жана Ачык-айкындуулук үчүн потенциалды жогорулатуу демилгесин колдоонун глобалдык программасы (CBIT-GSP) менен биргеликте уюштурулду.
Семинардын катышуучулары төмөнкүлөрдү карап чыгышты:
✅Кеңейтилген ачык-айкындуулук негиздеринин (ETF) алкагындагы отчеттуулукка карата талаптар
✅МГЭИКтин 2006-жылдагы колдонмо принциптери жана өнөр жайдагы (минералдык, химиялык, металлургиялык) чыгарылыштардын негизги категориялары
✅ПГнын улуттук инвентаризациясынын профили жана маалыматтарды чогултуунун практикалык аспектилери
Семинар улуттук эксперттерге өлкөнүн климаттык отчеттуулугунун негизин түзө турган сапаттуу жана ачык-айкын маалыматтарды даярдоо үчүн зарыл болгон куралдарды жана билимдерди берет.
🌍Countdown to #BiodiversityDay! 🎯8 days to go!
#KMGBF Target 9: Manage wild species sustainably to benefit people.
For conservation to succeed, it must provide tangible benefits to the people who share the landscape with wildlife. At the @gef_global_environment Small Grants Programme (GEF SGP), implemented by @undp , we champion models where nature and livelihoods thrive together.
In the remote mountains of Kyrgyzstan, local communities have become guardians of the elusive snow leopard.
By developing and leading ethical ecotourism initiatives, they have created sustainable livelihoods as guides, rangers, and hosts. This approach turned the snow leopard from a source of potential conflict into a valuable economic asset, creating a powerful incentive for the entire community to protect this iconic species and its habitat for the long term.
🌿 Discover how #LocalAction = [Link in bio]
🇰🇬🇺🇳 Сегодня Кабинет Министров Кыргызской Республики и Организация Объединенных Наций провели 4-ое заседание Стратегического координационного комитета Рамочной программы сотрудничества ООН в области устойчивого развития на 2023–2027 годы - ключевой платформы, в рамках которой Правительство и Система ООН координируют совместную работу в соответствии с приоритетами развития Кыргызстана.
🤝 Заседание прошло под сопредседательством Председателя Кабинета Министров Кыргызской Республики Адылбека Касымалиева и Постоянного координатора ООН в Кыргызстане Антье Граве.
В ходе встречи были утверждены совместные планы работы на 2026–2027 годы. В ближайшие два года ООН сосредоточит усилия на развитии человеческого капитала и расширении возможностей для молодежи и женщин, цифровом здравоохранении и социальной защите, климатических действиях и зеленых инвестициях в рамках Горной повестки, правах человека и доступе к правосудию, а также цифровизации государственных услуг.
📌 Участники также утвердили дорожную карту по разработке следующей Рамочной программы сотрудничества ООН на 2028–2032 годы.
🇰🇬 🇺🇳 2026-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Климаттын өзгөрүшүнүн шартында туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңештин жаңы курамдагы биринчи отуруму өттү. Отурумда Кеңештин ишинин негизги милдеттери жана артыкчылыктары аныкталды.
Катышуучулар мамлекеттик органдардын ортосундагы координацияны күчөтүү жана ырааттуу климаттык саясатты түзүү зарылдыгын белгилешти.
Жогорку Кеңеште экинчи окууда каралып жаткан «Климаттык иши жөнүндө» Мыйзамдын долбооруна өзгөчө көңүл бурулду. Мыйзам Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) колдоосу менен иштелип чыккан жана өлкөдөгү климаттык аракеттер үчүн системалуу укуктук базаны түзүүгө багытталган. Документ Кыргыз Республикасынын Париж макулдашуусунун алкагындагы милдеттенмелерин, анын ичинде парник газдарынын чыгарылышын азайтуу жана климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялануу боюнча чараларды ишке ашырууну күчөтөт.
Талкуулардын жүрүшүндө Кеңештин мүчөлөрү, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү Улуттук деңгээлде аныкталган салымда (УДАС 3.0) жана 2050-жылга чейин көмүртектин бейтараптуулугу концепциясында чагылдырылган климаттык саясаттын артыкчылыктарын белгилешти. Бул документтер төмөн көмүртектүү өнүгүүгө өтүүнүн жана өлкөнүн климаттык туруктуулугун бекемдөөнүн узак мөөнөттүү траекториясын түзөт.
Кеңеш мамлекеттик институттарды, эксперттерди жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү жалпы климаттык максаттардын айланасында бириктирген макулдашылган чечимдердин аянтчасына айланууда. БУУӨП Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине климаттык саясатты илгерилетүүдө жана туруктуу өнүктүрүү артыкчылыктарын ишке ашырууда колдоо көрсөтүүнү улантууга даяр экенин ырастайт. Сүрөт: Жогорку Кенеш
🚀Аялдардын ишкерлигин колдоо «Соодага көмөктөшүү» долбоорунун өзүнчө бир багыты эмес — бардык компоненттери аркылуу өткөн иш болду.
Натыйжалар:
— 1 440дан ашык аял жетектеген ишкана колдоо алды — Түзүлгөн жумуш орундарынын 65% — аялдар үчүн
— Электрондук коммерция боюнча инкубациялык программанын катышуучуларынын 85% — аялдар — Программанын бүтүрүүчүлөрүнүн онлайн сатуулары — 72%га өстү
— Электрондук коммерциядагы 232 жаңы жумуш ордунун 169у аялдар үчүн түзүлдү
Кыргызстандын бардык аймактарынан аялдар Amazon, eBay жана TikTok Shop аркылуу өз продукцияларын Сингапурда, Түштүк Кореяда, Малайзияда жана Болгарияда сатып жатышат. Алар өз жамааттарында жумуш орундарын жаратып жатышат.
📖 Кененирээк — БУУӨПтүн Кыргызстандагы сайтындагы аналитикалык макалабызда.
Эске сала кетсек, жакында Ташкент шаарында БУУӨП «Соодага көмөктөшүү» аймактык долбоорунун Башкаруу комитетинин жыйыны өттү. Өнөктөш өлкөлөр биргелешкен иштин жыйынтыктарын чыгарып, 2025-жылдын натыйжаларын талкуулашты.
📈 2022–2025-жылдардагы аймактык натыйжалар:
✔️ 1 389 жумуш орду түзүлдү (70%тен ашыгы — аялдар үчүн)
✔️ 6 800+ чакан жана орто ишкана колдоого алынды
✔️ 2 800+ аялдар жетектеген ишкана колдоого алынды
✔️ 550+ ишкана кошумча нарк чынжырларына интеграцияланды
✔️ 96,5 млн АКШ долларына экспорттук келишимдер түзүүгө көмөктөшүлдү.
📋Ош шаарынын тобокелдик профили
Кыргызстандын эң ири шаарларынын бири болгон Ош — 478 миңден ашык калкы менен — жер титирөө, сел, жер көчкү, күтүүсүз суу ташкындар, экстремалдуу ысык жана абанын булганышы сыяктуу кең спектрдеги табигый жана климаттык коркунучтарга дуушар болуп жатат. Калктын тез өсүшү, инфраструктуранын эскириши шаардын аялуулугун андан ары күчөтүүдө.
БУУӨП Ош шаарынын мэрияси жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте Ош шаарынын тобокелдик профилин иштеп чыкты — негизги коркунучтарды баалаган, аялуу зоналарды аныктаган жана табигый кырсыктар коркунучун азайтуу менен климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо боюнча конкреттүү сунуштарды берген аналитикалык документ.
Документ Жапон Өкмөтү каржылаган БУУӨП «Борбордук Азиядагы шаарлардын кырсыктардын тобокелдигине жана климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулугун жогорулатуу» (2024–2027) аймактык долбоорунун алкагында даярдалды.
📄 Толук документти QR код аркылуу ачып окуңуздар (орус тилинде)
🇰🇬🇺🇳 БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве жана БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы, БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы жана БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев мырза менен жолугуп, адам укуктары, мыйзам үстөмдүгү жана калктын эң аялуу катмарларынын сот адилеттигине жеткиликтүүлүк боюнча кызматташтыкты талкуулады.
Жолугушуу Жогорку сот менен өнөктөштүктү чыңдоо боюнча мазмундуу пикир алмашууга мүмкүнчүлүк түзүп, адам укуктарын коргогон жана ар бир адам үчүн сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү камсыз кылган көз карандысыз, ачык жана айкын сот тутуму туруктуу өнүгүүнүн негизи экендиги боюнча жалпы көз карашты дагы бир жолу тастыктады.
Алдыга карай тараптар Кыргызстанда сот реформасын, адам укуктарын жана ар бир адам үчүн сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү илгерилетүү максатында кызматташууну комплекстүү негизде тереңдетүүнү макулдашты.
==== 🇰🇬🇺🇳 Постоянный координатор ООН в Кыргызстане Антье Граве совместно с коллегами из Управления Верховного комиссара ООН по правам человека, Программы развития ООН, Управления Верховного комиссара ООН по делам беженцев и Управления ООН по наркотикам и преступности встретилась с председателем Верховного суда Медербеком Сатыевым для обсуждения сотрудничества в области прав человека, верховенства права и доступа к правосудию, в том числе для наиболее уязвимых групп населения.
Встреча стала возможностью для содержательного обмена мнениями по укреплению партнерства с Верховным судом и подтвердила общее видение независимой, прозрачной и открытой судебной системы, обеспечивающей соблюдение прав человека и доступ к правосудию для всех как основы устойчивого развития.
Стороны договорились и далее углублять сотрудничество в комплексном формате для продвижения судебной реформы, прав человека и доступа к правосудию для всех в Кыргызстане.
🎥 Инклюзивдүү коопсуздук: өзгөчө кырдаалда көзү көрбөгөн жана начар көрүүчү адамдарды кантип эвакуациялоо керек?
Өзгөчө кырдаал маалында эч кимди жардамсыз калтырбоо маанилүү. Бирок эвакуация учурунда азиз же көрүүсү начар адамды кантип жетелөө керек экенин билебизби? Убакыт секунд менен эсептелгенде байланышты кантип туура уюштуруу керек?
Сиздерге сунуш кылып жаткан окуу курсунун ролиги. Бул ролик Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, оперативдик дежурныйлар жана бөлүм башчылары үчүн иштелип чыккан «Өзгөчө кырдаалдарды инклюзивдүү башкаруу» окуу курсунун материалдарынын бири.
Курс бир нече бөлүмдөн турат жана төмөнкүлөрдү камтыйт: талаа шарттарында майыптыгы бар адамдарды аныктоо, жеткиликтүү байланышты жана эвакуацияны уюштуруу, жабырлануучуларды жайгаштыруунун стандарттары, ошондой эле өзгөчө кырдаалда гендердик зомбулуктун алдын алуу.
Окуу курсу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин демилгеси менен БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “Кыргыз Республикасында адам укуктарын коргоону жана адилеттүүлүккө тегиз жетүүнү күчөтүү” долбоорунун алкагында иштелип чыккан.
🔗Окутуучу курсу — жакында платформага жүктөлөт.
2025-жылы БУУӨП жаштар укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү багытындагы Кыргызстандын иш-аракеттерин колдоону улантып, жаштардын экономикалык өсүүшүнө, климаттык демилгелерге жана жергиликтүү коомчулуктун өнүгүүсүнө жигердүү катышуусун камсыз кылды.
Негизги жыйынтыктар:
🔷 Өлкө боюнча 13 Жаштар борборунун курулушу, оңдолушу жана жабдылышы колдоого алынды (жалпы инвестиция 3 млн АКШ долларынан ашты, анын 64%ы — муниципалитеттердин салымы болду)
🔷 48 жаш адамга ишкердик демилгесине колдоо көрсөтүлүп, 150дөн ашуун лидердин потенциалы бекемделди, бул кеминде 150 жаңы жумуш ордун түзүүгө мүмкүндүк берди
🔷 Өлкөнүн бардык 7 облусунда «Жаштардын климат кербени» ишке ашырылып, Жаштардын жергиликтүү конференциясы (LCOY) аркылуу кыргызстан жаштары глобалдык YOUNGO коомчулугу менен байланыштырылды
🔷 Климаттык билим берүү илгерилетилди: «Климаттык сандыкча» (Climate Box) окуу материалы жаңыланып, программаны мектептерге жайылтуу үчүн 100гө жакын мугалим окутуудан өттү
Бул кадамдар жаштардын экономикалык потенциалын ачууга, алардын экологиялык маалымдуулугун жогорулатууга жана жергиликтүү деңгээлде туруктуу өнүгүү үчүн бекем негиз түзүүгө жардам берет.
📘 Кененирээк БУУӨПтүн Кыргызстандагы 2025-жылдагы Жылдык отчетунан окуңуздар.
/kyrg.../publications/annual-report-2025
🌍Бишкекте Монреаль протоколу боюнча аймактык жыйын өтүүдө
Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Монреаль протоколунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана муздатуу жабдуулары, аба кондиционерлөө жана жылуулук насостору боюнча ассоциациялардын катышуусунда жыйын өтүүдө. Үч күндүк иш-чара 12–14-майында Бишкекте Монреаль протоколун ишке ашыруу боюнча Көп тараптуу фонддун колдоосу менен ЮНЕП OzonAction жумушчу программасынын алкагында өтүүдө.
Жыйынга аймактык өлкөлөрдөн болжол менен 45 катышуучу чогулду. Ачылыш КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин министрдин орун басары Раимкулова Асель Кадыржановнанын катышуусу менен өттү.
«Биздин милдет — өлкөлөргө глобалдык милдеттенмелерди улуттук прогресске айландырууга жардам берүү. Биз өкмөттөр жана өнөктөштөр менен биргеликте климаттык иш-аракеттерди экономикалык өсүш, инновациялар, жумуш орундарын түзүү, институттарды бекемдөө жана калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу менен байланыштырып иштейбиз», — деди БУУӨП КРдагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары Патрик Хаверман.
Күн тартибине муздатуу жана аба кондиционерлөө секторундагы коопсуздук стандарттары, техниктерди окутуу жана сертификациялоо системалары, Кигали өзгөртүүсүн ишке ашыруу, хладагенттердин жашоо циклин башкаруу жана фторлуу газдарды жөнгө салуудагы ЕС тажрыйбасы камтылды.
Кыргызстан өзүнүн практикалык тажрыйбасын тааныштырды — улуттук коопсуздук стандарттары, Кыргызстандарт менен биргеликте муздатуу жабдуулары боюнча туруктуу мамлекеттик сатып алуу ыкмалары жана муздатуу секторунун адистерин даярдоо программалары.
БУУӨП Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигин озон катмарын коргоо жана климатка коопсуз хладагенттерге өтүү боюнча эл аралык милдеттенмелерди аткарууда колдоп келет — бул өлкөнүн туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук артыкчылыктарына дал келет.