Кийиз Дүйнө FELT WORLD

@kiyizduino

Салттуу билимдер академиясы🇰🇬 Traditional Knowledge Academy🏔️ @beldemchikd @elechek.kg_kiyizduino @tushkiyiz @karazerger @kalpak_studio 708326264
Followers
16.5k
Following
327
Account Insight
Score
36.58%
Index
Health Rate
%
Users Ratio
51:1
Weeks posts
124 1
2 days ago
“Кыргыздын тагдыры — ак кийизге жазылган. Ак кийизде төрөлүп, ак кийиздин үстүндө кан көтөрүлүп, боз үйдө өмүр кечирип, акыркы сапарга да ак кийиз менен узаган. Бул — биздин баскан кийиз жолдор. Бул — биздин Кийиз Дүйнө.” Колдонулган материалдар:“Кыргызфильм” ,”Кыял”, “Манас ааламы”
129 3
5 days ago
Урматтуу мекендештер! Сиздерди 1-май — Эмгек күнү чын жүрөктөн куттуктайбыз! Эмгек — адамзаттын өнүгүүсүнүн негизи, берекенин башаты. Ар бир мээнет менен жаралган иш коомго пайда алып келип, келечекке жол ачат. Кийиз дүйнө коомдук фонду сиздерге бекем ден соолук, ийгилик, молчулук жана чыгармачылык дем каалайт! Эмгегиңиздер ар дайым бааланып, үзүрүн берсин! Уважаемые соотечественники! Сердечно поздравляем вас с 1 мая — Праздник труда! Труд — основа развития человечества и источник благополучия. Каждый результат, достигнутый упорным трудом, приносит пользу обществу и открывает путь в будущее. Общественный фонд «Кийиз дүйнө» желает вам крепкого здоровья, успехов, достатка и творческого вдохновения! Пусть ваш труд всегда будет достойно оценен и приносит плоды! Dear compatriots, We sincerely congratulate you on May 1 — International Workers’ Day! Work is the foundation of human development and the source of prosperity. Every achievement born of dedicated effort benefits society and opens the way to the future. Kiyiz Duyno Public Foundation wishes you strong health, success, abundance, and creative inspiration! May your work always be valued and bring meaningful results! Sincerely, Kiyiz Duyno Public Foundation
74 4
16 days ago
#AidaiAsangulova
300 22
20 days ago
1-бөлүк. 2025-жылдагы талаа изилдөөбүздүн алкагында Талас облусунан Кожонаалы атабызды жолуктурдук. Атабыз кыргызда сейрек кездешүүчү, бирок терең мааниге ээ "күмүш сөйкөнү эркек баланын оң кулагына салуу" ырымы тууралуу айтып берди. Беш бир туугандын жалгыз эркеги болгондуктан, ата-энеси ага тил-көздөн сактасын деп күмүш сөйкө тагып, ырымдап чоңойтушкан. Бул окуя – кыргыздын балага болгон өзгөчө мамилесинин жана байыркы ишенимдеринин жандуу далили. As part of our 2025 field research, we met Kojonaaly Ata in the Talas region. He shared with us a rare yet deeply meaningful Kyrgyz tradition — the custom of placing a silver earring in the right ear of a young boy. Being the only son among five siblings, his parents raised him with a silver earring as a form of protection against the evil eye. This story is a vivid reflection of the Kyrgyz people’s special care for children and their ancient beliefs. _________________________________ Изилдөөчүлөр: @doolotrysbaev , @burulismantaeva
273 15
23 days ago
New York City шаарында Айдай Асангулованын жаркын элесине арналган эскерүү кечеси болуп өттү. Кечеде устатыбыздын өмүр жолу, чыгармачылыгы жана маданий мурасы терең эскерилди. Музыкалык чыгармалар жаңырып, Айдай айым тууралуу документалдык тасма көрсөтүлүп, анын руханий дүйнөсү дагы бир ирет ачылды. Ошондой эле устатыбыз Айдай Бектемированын сүрөт көргөзмөсү, окуу куралдары жана өз колу менен жасаган шарфтары көрүүчүлөргө сунушталды. Эскерүүнүн алкагында көргөзмө уюштурулуп, шарф жасоо боюнча мастер-класс да өткөрүлдү @nurjamal.asangulova Эскерүү кечени америкалык жана АКШда жашаган кыргыз кесиптештерибиз, досторубуз — Анна, Кандра, @kgznordisch жана Айсулуу эже @aisulumeimankanova уюштурууга жардам беришти. 📍 Дареги: 505 Carroll St, Apt 2A, Brooklyn, NY 11215 Устатыбыздын жаны жаннаттан болсун! Океандын ары жагындагы досторубузга жана кесиптештерибизге терең ыраазычылык билдиребиз. Бар болуңуздар, бактылуу жана узак өмүр сүрүңүздөр!
484 22
24 days ago
Айдай Асангулованын “Жаңы дем” эмгеги — “Walking with the Earth” эл аралык көргөзмөсүндө 🌍 2026-жылдын 21-апрелинен 13-майына чейин Бириккен Улуттар Уюмунун башкы кеңсесинде (Нью-Йорк, АКШ) “Walking with the Earth” (“Жер менен шайкештикте”) аттуу эл аралык көргөзмө өтүүдө. Көргөзмө Азия жана Африкадагы түптүү элдердин жана салттуу жамааттардын маданиятына, ошондой эле планетага кам көрүүнүн жандуу этикасына — адам Жерден бөлөк эмес, анын ажырагыс бир бөлүгү экенин түшүнүүгө арналган. Жогорку деңгээлдеги эл аралык аянтта кыргыздын таланттуу уз-усталарынын жана сүрөтчүлөрүнүн кол өнөрчүлүк эмгектери сунушталып жатканы Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ болууда. Сүрөтчү, дизайнери, уз-чебер, этнограф @aidaifeltworld Айдай Асангулованын “Жаңы дем” аттуу эмгеги да көргөзмөгө коюлуп, улуттук көркөм ой жүгүртүүнүн жана салттуу дүйнө таанымдын терең катмарларын ачып берүүдө. Маркум устатыбыздан чыгармачылык мурасын анын шакирттери улантып, жакындары — @klara_bektemirovna @nurjamal.asangulova кийиз студиясынын атынан катышууда. Бул Кыргызстандагы маданий мурастын жана көчмөн цивилизациясынын салттуу искусствосунун эл аралык деңгээлде таанылышына карай маанилүү кадам болуп саналат. Көргөзмөнүн кураторлору — @mirrakhim_oposh жана @kgznordisch . Алар дүйнөлүк түптүү элдердин диалогу алкагында кыргыз искусствосун жана маданий көрүүсүн татыктуу тааныштырып жатышат. Алкыш Сиздерге! Көргөзмөнүн уюштуруучулары: @wuisp_argabilig Arga Bilig ассоциациясы, Origins программасы, Wayfinders Circle жана ЮНЕСКОнун карамагындагы Көчмөн цивилизацияларды изилдөө эл аралык институту, ошондой эле UNPFII, Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү, Монголиянын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү жана Nia Tero менен Pawanka фонддорунун колдоосу менен ишке ашууда
127 9
25 days ago
“ЖЕР МЕНЕН ШАЙКЕШТИКТЕ” “WALKING WITH THE EARTH” Бүгүн 21-апрель Нью-Йорк шаарында, Уюмунун башкы кеңсесинде “Көчмөн жана түпкүлүктүү элдердин дүйнө таанымы, муундан муунга өткөн салттуулук жана адамзаттын жалпы келечегине карай багыт”аталыштагы көргөзмөгө ачылды. АЙДАЙ АСАНГУЛОВАнын “Жаңы дем” чыгармасын койдук. @aidaifeltworld @kiyizduino Көргөзмөнүн өтүү мөөнөтү: 2026-жылдын 21-апрелинен 13-майына чейин Өткөрүлүүчү жайы: Бириккен Улуттар Уюмунун башкы кеңсеси, Нью-Йорк шаары, АКШ.
227 24
26 days ago
Салттуу белдемчинин жана Айгул гүлүнүн айкалышы кыргыздын асыл мурасын чагылдырат #кийиз_дуйно #белдемчи #элечек #жанданганмурас
122 18
1 month ago
Белдемчи тигүү — өзгөчө табитти жана чеберчиликти талап кылган өнөр. Салттуу белдемчилер негизинен бир нече түргө бөлүнүп, алардын жасоо ыкмалары менен кооздолушунда аймактык айырмачылыктар бар. Кыргызстандын түндүк аймактарындагы белдемчилерде керме,илме саймалары менен түркүн түстүү көчөттөр түшүрүлүп, жээктери баалуу аң терилер менен карматылат. Ал эми түштүк аймактарда белдемчинин бычымы өзгөчөлөнүп, аны кооздоодо илмедос, илме саймалары кеңири колдонулат. Ошондой эле жээктери шырылып, чеберчилик менен иштетилет.
148 8
1 month ago
Күн сайын жолугушуулар жана иш-чаралар өткөрүлүүдө.
143 8
1 month ago
158 7
1 month ago