ЧАПАН • БЕЛДЕМЧИ•КӨЙНӨК•ТУШ КИЙИЗ• САЛТТУУ КИЙИМ · БИШКЕК

@parida_studio

▪️Парида - өнөр үйү Өз мурасыңа ээ бол! 🔹Эксклюзивдүү автордук салттуу кийимдер 🔹Жеткирүү бүткүл дүйнө боюнча Байланыш үчүн 👇🏻
Followers
502
Following
209
Account Insight
Score
22.8%
Index
Health Rate
%
Users Ratio
2:1
Weeks posts
#Hellomarch.❤️#create❤️#embroidery #purse
44 9
2 months ago
Белдемчи кыргыз аялдарынын салттуу кийим маданиятында өзгөчө орунду ээлейт. Ал жөн гана кийим эмес, аялзатынын тектүүлүгүнүн жана коомдук макамын тастыктаган маанилүү символ болуп келген. Ошондуктан белдемчи эң кооз жасалып, баалуу материалдардан тигилиши зарыл деп эсептелет. Бул анын тарыхый маани-маңызын жана мурасталган баалуулугун сактоонун жолу болуп саналат. : : #беледемчи#кыргызсалттуукийими#кыргызбололу#салттуулук#саймакермесайма#кыргызстан🇰🇬# салттуукийим#кундузбастырылганбелдемчи#бархатбелдемчи.
95 6
7 months ago
Чөмүч башы оюусу — эл ичинде ырыскынын, берекенин символу деп эсептелет. Бул оймо үйгө токчулук, молчулук, ырыс-береке агылып кирсин деген тилекте саймаланат. Чөмүч баш оюусун Аксы аймагынан көп кездештирдим.Сизге кандай сезим же эмненин элесин берип жатат бул оюу? Мага кофенин данын 😊😅 ✨#кермесайма#илмесайма#сайма #илмедоссайма#чөмүчбашыоюусу #ырыскы #береке #токчулук #салттууоюу #улуттукмурас
86 4
6 months ago
#кыргызстан🇰🇬 #бишкектинчети#айылскийвайб#аттар#жайлоо
13 0
5 days ago
“Элечекти орогондон кийин, кантип чечип-кийесиңер?” — деп көп сурашат 😊 Чынында, элечек жөн эле баш кийим эмес. Аны ороонун өзүнүн тартиби бар. Формасын бузбай сактоо үчүн ар кандай колдо бар нерселерди колдонобуз. Оромдорун жазбай, кир болуп калганга чейин киебиз. Ал эми кайра кийгенде, акырын оңдоп, кайрадан жарашыктуу кылып калыбына келтиребиз 🤍#элечек#каляк#илеки#кептакыя
52 4
8 days ago
1-май Эмгекчилердин эл аралык майрамы менен! 🌿 Ар бир мээнет акталып, ар бир аракет жемишин берсин. Эмгек — бакытка жеткирген жол болсун, жашооңуздар берекеге, тынчтыкка толсун. ✨ Ден соолук, күч-кубат жана түгөнбөс дем-күч каалайм! Май майрамынын (1-май — Эмгекчилердин эл аралык күнү) таасири сайма өнөрүндө да байкалат. Бул майрам эмгекти, биримдикти, тынчтыкты даңазалагандыктан, анын мааниси сайма мотивдерине жана түс тандоосуна сиңип кеткен.
15 0
16 days ago
48 5
28 days ago
Абдан кызык жана терең ырым . Кээ бир аймактык ишенимдерде жарганаттын канатын кыз балага карыштатуу — жөн эле оюн эмес, тилек-ырым катары жасалган жөрөлгө болгон. Анын мааниси мындай чечмеленет: — канатындай эпчил болсун, — колу бат, шамдагай болсун, — колунан көөрү төгүлгөн уз-чебер чыксын, — караңгыда да жол тапкандай зирек болсун. Эл ичинде «жарганат тор токуса, укмуш токуйт» деген сөздөр да айтылат. Түн ичинде адашпай учкан жаныбар катары ал айрымдар үчүн ички туюмдун, так сезимдин белгиси болуп келген. Ошондуктан кыз балага «карыштатуу» — анын колу ишке ыктуу, көзү курч, өнөрү арбын болсун деген батанын бир түрү сыяктуу кабыл алынган. Бул жөрөлгө жалпы Кыргызстанга кеңири тараган салт деп айта албайм. Көбүнчө Түштүк жана Түштүк-батыш аймактарда колдонулуп келген. Өзүмө да жети жашымда карыштатышкан. Бүгүнкү күндө унутулуп бара жаткан ырымдардын бири деп айтууга болот. Бирок анын символикасы абдан терең: канат — коргоо, канат — эркиндик, канат — өнөрдүн учушу. Эгер сизге да жарганаттын канатын карыштатса,же ушул ырымды билсеңиз,кызыктуу болсо пикир калтырып,бөлүшүүнү унутпаңыз❤️#кыргызстан🇰🇬#жарганаткарыштатуу#салт#ырымдар#узучебер
75 1
29 days ago
36 4
1 month ago
#чапан#кыргызстан🇰🇬 #салттуукийим #төрткырөрүм#шырымачапан
106 7
1 month ago
Тыйынды топчу,сөйкө,сырга,сөлкөбай,чачучтук,запанки,кептакыягакооздук,чачкепкекооздук кылып колдонушкан🇰🇬❤️ #тыйын#тыйынтопчу#сөлкөбай#тыйынсырга#байлык
38 4
1 month ago
#кыргызстан🇰🇬 #белдемчи #чапан #салттуукийимчен#чачкап
89 15
1 month ago