🇰🇷 03.08.25
2025-жылы гана мен өзүмө назик,жумшак болууга уруксат бере баштадым.
Мен ар дайым ачык,активдүү,шайыр, күчтүү болуп келдим. Бирок назиктик менен жумшактык мага көпкө чейин чочун,алыс нерсе болуп сезилчү. Кээде ал тургай алсыздык сыяктуу көрүнчү. Анткени мен үчүн күчтүү болуу — дайыма бекем туруу, сынбоо, алдыга гана жүрүү деген түшүнүк болчу.
Бала кезимден бери мага көп айтышчу дагы да айтып калганын угам:
«Эгер сен эркек болуп төрөлсөң, жакшы болмок. Сен кыйын болмоксуң».
Мен өзүм деле 16жашымда анан кабыл алгам кыз экенимди.Анан да ошол жашка чейин күйөөгө тийбейм дечим.Анан баары өзгөрдү…Азыр кыз болуп жаралганыма сыймыктанам.
Чынында эле менин мүнөзүмдө дайыма өжөрлүк, чечкиндүүлүк, жоопкерчилик,тайманбастык бар болчу. Бул сапаттар азыр да мен менен — жана мен аларды баалайм.
Бирок көп убакыт бою мен өзүмдү дайыма коргонууда жашап жаткандай сезчүмүн. Баарын көтөрүп, баарына туруштук берип, күчтүү болууга аракет кылчумун.
Ошондуктан назиктик мага тааныш эмес сезилчү.Же балким үйдүн улуусу болгон үчүн дагыбы деп ойлоп койом.
Азыр болсо мен башкача түшүнө баштадым.
Назиктик — алсыздык эмес.
Бул чоң күч.
Бул — дүйнөгө ишенүүнүн күчү.
Бул — чыныгы, тирүү, ачык болуунун күчү.Жана да бул сонун сезим кызыктырган.
Кээде адам бул сапаттар менен төрөлөт, ал эми кээде аларды үйрөнүүгө туура келет. Күмөндөрдөн, каршылыктан, кабыл албоодон өтүп.
Мен үчүн бул чоң жол болду.
Азыркы учурда түшүндүм:
менде күч да бар, назиктик да бар.
Катуу мүнөз да бар, жумшак жүрөк да бар.
Булар мени мен кылат.
Ал эми сүйүү(бир гана адамдардын ортосундагы эле эмес ,жалпысынан) — эң чоң күч экенине ишене баштадым🩵